• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коопсуз шаар: Жалал-Абадда жол сызыктары сызылууда

Аймак 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Учурда Жалал-Абад шаарында жол сызыктары сызылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы Ленин көчөсүнүн Кыргыз Республикасы көчөсүнөн Курманбек көчөсүнө чейинки аралыгындагы жол сызыктары жаңыланып жатат.

“Ал үчүн мэриянын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасына атайын аппарат сатып алынган. Жаңы аппарат негизги көчөлөргө, өткөөлдөргө пайдаланылууда. Жумушчу топ унааларга тоскоолдук жаратпоо үчүн түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, коопсуз шаар долбоорунун алкагында жол сызыктарын сызуу, жол чырактарын орнотуу иштерин шаардык бийлик ишке ашырат. Жалал-Абадда 12 көчөгө коопсуз шаар камералары орнотулаары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий