• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Коопсуз шаар": Жарандар 125,7 млн сом айып төлөшкөн

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган камералар 24-июнга карата 211 миң 384 учурду каттаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.

Шатемировдун айтуусунда, анын ичинен 125 млн 730 миң сом өлчөмүндө 89 миң 980 жобо төлөнгөн (42,6%).

""Акылдуу шаар" долбоорунун алкагындагы "Коопсуз шаарды" ишке киргизүүнүн башкы себеби - Кыргызстандагы жол кырсыктарынын жана андагы адам өлүмүнүн санын кыскартуу болуп саналат. Алсак, Бишкектин жолдорундагы адам өлүмү 52,9%, Чүй облусунда 37,2%, ал эми республика боюнча 21,5 пайызга кыскарды", - деп билдирди ал.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал Кыргызстандын 7 облусун, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу пунктту өзүнө камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий