• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Жол эрежесин бузгандарга айыппулдар автоунаа катталган адамга салынат

Коом 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 19-декабрда өтүп жаткан кезектеги жыйынында ушул жылдын 28-ноябрында башталган Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Маалыматка ылайык, жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду же алдынала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү. “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.”, - деди Кубатбек Боронов.

Талкууда бул долбоорго Бишкек шаарынын бюджетинен каражат жумшалбастыгы белгилүү болду. Ошондой эле “Кыргызтелеком” ишканасы бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жарыяланган сынакка катышып, 2-орунду алып, утпай калгандыгы айтылды. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов балким “Кыргызтелеком” ишканасы долбоордун кийинки этаптарына катыша алаарын кошумчалады.

Депутат Алтынбек Жунус уулу бул долбоордун ишке кириши менен жол эрежесин бузгандарга айыппулдар автоунаа катталган ээсине салынаарын тактады. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов долбоордун ишке кириши менен бул жагдай боюнча баш-аламандыктар орун аларын, бара-бара жолго коюла тургандыгын белгиледи. Депутат Марлен Маматалиев коомдун коопсуздугу боюнча баардык коомдук жайларда видео-камераларды орнотуу зарылдыгын айтып, СССР маалынан калган жол белгилерин заман талабына жараша коюуну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий