• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Коопсуз шаарды” качан ишке ашырышат? – МТБМКнын жообу

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоору 180 күндүн ичинде ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымына караганда, жарым жылдык убакыт өзүнө даярдык көрүүнүн 3 этабын камтыйт, акыркы этап көрсөтүлгөн мезгилдин аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

“Долбоордун келишими боюнча ишке киргизүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Акыркы этап 180 күндүн ичинде аякташы керек. Долбоордун жакынкы убакытта ишке киргизилишине кызыктар болгон компания убакытты азайтыш үчүн болгон күчүн жумшайт деп пландап жатабыз”, - деп билдирди Шатемиров.

МТБМКнын байкоосуна ылайык, жабдыктарды орнотуу жана монтаждоого кошумча ресурстарды тартуу менен бардык жараянды кыскартып жана тездетүүгө болот.

“Биринчи этапта көчмө автоматташтырылган программалык комплекс орнотулат, кийин стационардык аппарат комплекстери жана трассалардагы жабдыктар”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча “Вега” “Радиоуктуруу концерни” россиялык компаниясы сынак жеңүүчүсү катары таанылган. Тендер 2,5 млрд сом болуп, 4-сентябрда онлайн түрүндө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий