• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Коопсуз шаардын” алкагында дагы 8 видеобайкоо орнотулат

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар”долбоорун ишке ашыруунун алкагында дагы 8 видеобайкоочу камералар орнотулат. Бул тууралуу “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары учурунда Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор бир гана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатпастан, өлкө жолдорундагы кырсыктардын санын да азайтат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, айдоочулардын жалпы агымынын 5% жол эрежелерин бузат.

“Видеобайкоо жол эрежесин бузгандарды байкап калса, унаанын айдоочусу ал тууралуу бир күндөн кийин билдирүү алат. Камераларга келе турган болсок, бул компонентке видеобайкоо системасын коштук, ар бир пуктта 8ден кем эмес видеобайкоочу камералар орнотулат”, - деп бидирди Шатемиров.

Пикир

Оставить комментарий