• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Коопсуз шаардын” алкагындагы аукциондун баштапкы баасы 2,2 миллиард сом деп аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы аукциондун баштапкы баасы 2,2 миллиард сом суммасында аныкталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров “Коопсуз шаар” долбоорунун толук планынын бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, бир айдай убакыт мурда аукционго катышууну каалаган болжол менен 30 компания келген. Белгилей кетсек, жеңүүчү онлайн режимде ушул жылдын 23-августунда аныкталат.

Тендердин шарттары боюнча “Коопсуз шаар” долбоорун орнотуу, колдоо жана функционалдаштыруу боюнча чыгымдарды тендердин жеңүүчүсү көтөрөт. Мамлекет долбоордун ишке ашуусуна бир дагы сом коротпойт.

“Сынактык тандоо онлайн аукцион аркылуу КРнын Мамлекеттик сатып алуулар сайтында өтөт. Ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер катыша алат. Компонентти эки лотко бөлүү тууралуу чечим жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын сүрөт жана видеого тартылышын монополиядан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу максатында кабыл алынган”, - деди Шатемиров.

Пикир

Оставить комментарий