• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Коопсуз шаардын" экинчи фазасын ишке киргизүү кечигүүдө: Себеби айтылды

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасын ишке киргизүү бир аз кечигүүдө. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, долбоордун белгиленген мөөнөттөрдөн кечигүүсү – инженердик түйүндөргө аппараттык-программалык комплекстерди кошуу үчүн уруксат кагаздарын макулдашуунун создуктурулушуна байланыштуу. Келип чыккан маселелер чечилди.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев долбоорго тартылган мамлекеттик органдар бардык пайда болгон маселелерди ыкчам чечиш керектигин эске салды.

Өкмөт башчынын пикиринде, долбоорду киргизип, ийгиликтүү иштөөсүнө жетиштик, бирок бүгүнкү күнү биз принципиалдуу түрдө көп ишти жасоого тийишпиз.

"Долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыга турган көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн масштабдуу иштерди аткаруу, бардык айырмаларды өтө кылдат иштеп чыгуу керек", - деди ал.

"Жолдордо коопсуздукту камсыздап жана жол инфраструктурасын гана жакшыртпастан, бузууларды каттоонун, билдирмелерди жеткирүүнүн жана айып пулдарды төлөөнүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу механизмин киргизүү зарыл", - деп кошумчалады премьер.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке киргизүүгө мындан аркы даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштаган. Бирок өкмөт жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып пул салынбайт, деп билдирген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686 дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий