• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Коопсуз шаардын” тендеринин жеңүүчүсү “Вега” компаниясы тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун тендеринин жеңүүчүсү “Вега” компаниясы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу кененирээк “Вега” концернинин коммерциялык директору Сергей Калмыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда бул долбоор боюнча көп суроолор топтолуп калды. Белгилей кетсек, “Вега” компаниясы 27 ишкананы камтып, федералдык илимий борбор болуп эсептелет.

“3 жылдай убакыт мурда инновациялык технологиялар тармагында чечим кабыл алынып, жаңы багыт ишке кирген. Мындай багыттардын бири фото-сүрөткө тартуу болуп саналат. Буга жарандык сектордун талабы чоң, өзгөчө өрт коопсуздугу тармагында”, - деди Калмыков.

Директордун айтымында, “Вега” компаниясынын техникасынын негизги өзгөчөлүктөрү энергияны минималдуу колдонууда – жалпысынан 20 кВ. Бул энергияга көз карандысыз комплексти түзүп, күн батареяларынан кубат алууну камсыздайт.

“Бул шаймандын чыгышын биздин атаандаштарыбыз агрессивдүү түрдө кабыл алышты. Качандыр бир кездеги бардык кемчиликтер жоюлду”, - деди Калмыков.

Ошондой эле анын айтымында, “Вега” ресурсту экономдогон энерготехнологияларды өнүктүрүү менен алектенет. Учурда аталган долбоор пилоттук режимде Россиянын кээ бир объектилерине киргизилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий