• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Коопсуздук-2021” машыгуусу. Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Баткен облусундагы ички иштер орган кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен шаарында жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге Ички иштер министрлигинин медалдары жана кезектеги наамдар тапшырылды. Салтанаттуу азем 1-3-апрель күндөрү “Коопсуз 2021” аскердик машыгуусуна жигердүү катышкан кызматкерлерди сыйлоо үчүн арналды.

Иш-чарага Баткен ОИИБнын өздүк курамы, Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери жана КР ИИМдин 707-ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери, ошондой эле сыйлана турган кызматкерлер катышты.

Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов “Коопсуздук 2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларын өткөрүүдө милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде иш алып баргандыгын белгилеп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге ИИМдин медалдарын жана Ардак грамоталарын салтанаттуу тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий