• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Коопсуздук-2021» машыгуусунун күжүрмөн аскерлерине концерт тартууланды

Коом 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-мартында «Коопсуздук – 2021» машыгуусуна катышкан аскер кызматчыларына Ош горнизонунун офицерлер үйүнүн өздүк курамы концерттик программа уюштурду. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөр башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Концерттик программада машыгууда жүргөн жоокерлердин арасынан чыккан таланттар, аскер кызматчылары күжүрмөн кызматта жүргөн аскерлердин моралдык-духун көтөрүп, жакшы маанай тартуулашты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 2021-жылдын 1-апрелден 3-апрелге чейин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар өткөрүлөт.

Буга чейин аскердик техникаларда машыгуулар башталып, күжүрмөн тапшырманы аткаруу үчүн аскер бөлүктөрдүн кошуундарынын курамында макулдашылган аракеттер иштелип чыгып, машыгуулар уланууда.

Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле, 10дой авиациялык техника тартылат.

Аталган маневрлардын темасы - республиканын айрым аймактарында аскердик абалды жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчутулган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий