• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Коопсуздук биргеликте": Аксыда кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Коопсуздук биргеликте" аталышындагы иш-чаранын алкагында Аксы районунун Сары-Челек жана Кашка-Суу лагерлериндеги өспүрүм балдарга кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Аталган лагерде 200дөн ашык жаш өспүрүмдөргө жол эрежелери тууралуу маалымат берилген.

Райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атайын лекция, жаш эс алуучуларга оюн-зооктор өткөрүлгөн.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан жайкы лагерлерде, элдер көп топтолуп сууга түшкөн жайларда атайын окуулар уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий