• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңеши: Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-май күнү саат 22-00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу экендигин билдирет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында күчтөр менен каражаттардын туруктуу дислокация жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү.

Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майында Кыргызстан убактысы боюнча саат 08.00дө (Тажикстан убактысы боюнча 07.00) башталат.

Кырдаал өлкө президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий