• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуздук кеңеши кооррупцияга каршы стратегиянын жаңы долбоорун даярдоодо — Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 1-июнуна чейин кооррупцияга каршы стратегиянын жаңы долбоорун даяр кылышы керек», - деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Анын айтымында, бир жагынан бул президенттин тапшырмасы, экинчиден - бул Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн. «Бул стратегияда бардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары көрсөтүлөт, башкача айтканда, коррупция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн колдон келген чараларды колдонуу керек. Учурда заманбап чакырыктар жана коркунучтар бар деп айта алам, аларга карата тиешелүү багытта чаралар көрүлүшү керек», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий