• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуздук кеңеши: Коргоо министрлигин кайрадан түзүү – натыйжалуу аскердик башкаруу маселеси

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Коргоо министрлигин кайрадан түзүү – натыйжалуу аскердик башкаруу маселеси. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КР коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Жаныбек Капаров президенттин “КР Куралдуу күчтөр башкармалыгы системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар тууралуу” жарлыгына комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшүндө Кыргызстан өнүккөн бир өлкөнүн аскердик башкаруу моделин алып, Коргоо министрлигин таратып жиберип, Башкы штаб гана калган.

“Анда иштин андан ары жүрүшүндө байкалган кээ бир учурларды эске албай калганбыз. Азыр биз ал модель аскердик башкаруунун жалпы кабыл алынган системасына туура келбей турганын аңдадык. Анткени ШКУ, ЖККУда коргоо маселеси боюнча коргоо министри алектене турганы белгилүү. Ошол учурда бизде коргоо иштерин Башкы штабдын башчысы жетектеп турган, ал эми ЖККУда башкы штабдардын жетекчилери Коргоо министрлигинин жумушчу органы болуп эсептелген. Ошондуктан, айрым учурда казустук жагдайлар пайда болгон”,- дейт ал.

Капаровдун пикиринде, Коргоо министрлиги системасына кайрадан кайтып келүү эң туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болуп саналат. Анда коргоо министрлиги аткаруу бийлигине кирет.

“Коргоо министрлиги Башкы штаб жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин базасында түзүлөт. Бул темадан алыс болгон көпчүлүк адамдар аталышы гана алмашып жатат деп эсептешет. Ал эми чындыгында андай эмес. Анткени, натыйжалуу аскердик башкаруу маселеси турат”, - деп эсептейт Ж.Капаров.

Пикир

Оставить комментарий