• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдындагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын жактырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору менен тааныштырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө буга чейинки Улуттук коопсуздук концепциясы 2012-жылы кабыл алынганын белгиледи.

«Бирок, улуттук коопсуздуктун чакырыктары жана коркунучтары статистикалык болуп саналбайт, алар трансформацияланат жана эволюцияланат.

Ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө инновациялык технологиялардын тездик менен өнүгүүсү, агрессиянын өсүшү, туруктуу негиздеги конфессия аралык жана башка терс факторлор улуттук коопсуздук үчүн жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратат.

Ушуга байланыштуу, Концепция жана анын негизинде иштелип чыккан программалар жана доктриналар статистикалык документ, өзгөртүүгө болбой турган догма болуп калбашы керек.

Мындай мамиле кылууда, Концепцияны ишке ашыруу коомду сактоого, адамзат потенциалын өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жогорулатууга, коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, коомдун биримдигине жана ынтымагына, өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана эл аралык абройду жогорулатууга максималдуу түрдө өбөлгө түзөт.

Ар бир министрлик, комитет жана ведомство концепцияны ишке ашыруу боюнча тиешелүү тармактык, региондук жана ички ведомстволук программаларды жана пландарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.

Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери бул процессти өзунөрдүн жеке контролунарга алгыла.

Биринчи кезекте бул, Коргоо министрлигине тиешелүү, алар кыска мөөнөттө Аскер доктринасынын жаңы долбоорун кыска мөөнөттөрдө иштеп чыгып, бекитүүгө киргизиши керек.

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдар туруктуу негизде өркүндөтүүгө тийиш.

Ал кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге гана эмес, узак мөөнөттүү болушу керек.

Биз мезгилге шайкеш иш кылууга, бул тармакта мыкты эл аралык тажрыйбаны иликтөөгө, жана талдоого милдеттүүбүз.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоону камсыз кылуу үчүн биз мыкты методикаларды жана механизмдерди биздин күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек. Бул иште бизге Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу олуттуу жардам көрсөтөт.

Сиздер өзүңүздөр байкагандай, Концепциянын долбоору өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга багытталган практикалык иш-чаралардын жетишерлик көп санын камтыйт.

Бардык ушул иш-чаралар максималдуу тез жана натыйжалуу ишке ашырылышы керек», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын бир добуштан жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий