• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коопсуздук кеңеши: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Коом 0

Бишкек, 05.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат.

Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат.

Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт.

Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий