• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коопсуздук кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууга киришти

Президент 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдөөгө киришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жүргүзүлгөн мониторингдердин жана кырдаалды талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууну пландалууда.

Учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттери Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал- Абад областарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин талдашууда.

Ошону менен бирге 2019-жылдын 23-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Каракол, Нарын жана Талас шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарлар өткөрүлөт.

Ал семинарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери корупциялык тобокелчиликтерди табуу жана мамлекеттик органдардын ишинин схемасы боюнча, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинде коррупцияны максималдуу жоюуга багытталган антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу, мониторингдөө жана ишке ашыруу методикасы боюнча окуулардан өтүшөт.

Мурдараак мындай семинарлар Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн.

2019-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай семинарларды өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий