• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видео-конференция аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Ведомстволук органдар аралык кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле “Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог” ведомстволор аралык региондук кызматташтык механизминин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пикир алмашуу болду.

Алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий