• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынынын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жыйын видеоконференция форматында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда өттү.

Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү эпидемиологияык кырдаалдын абалы жөнүндө маселени карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Ж. Исмаилованын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С. Т. Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовдун баяндамалары эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталган, анын ичинде врачтарга жана медициналык персоналга компенсация жана кошумча төлөмдөрдү төлөө менен байланышкан иш-чараларды өз убагында жана артыкчылыктуу тартипте каржылоону камсыз кылуу;

— стационардык медициналык жардам көрсөткөн бардык саламаттык сактоо уюмдарында жана обсервациялоо жайларында койка-орундарынын санын көбөйтүү;

— зарылчылык келип чыккан учурда бейтаптарды кабыл алуу үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерде, аскердик-талаа госпиталдарында тийиштүү медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык персонал менен камсыздалган кошумча орундарды жайылтуу;

— коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн бардык керектөөлөрдүн эсебин жүргүзүү жана коронавирустук инфекциясы жана ооруканадан тышкаркы пневмония жуккан жарандарды дарылоо үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди жетиштүү көлөмдө артыкчылыктуу сатып алууну камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык жарандар тарабынан маскаларды милдеттүү түрдө кийип жүрүү режимин киргизүү боюнча чараларды көрүү. Маска кийүү режимин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган учурда мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартуу;

— 2020-жылдын 8-июлуна чейинки мөөнөттө коомдук транспорттун, соода-базар комплекстеринин, дүкөндөрдүн, кафелердин, ресторандардын жана ишкердиктин башка субъекттеринин иштөөсүнүн бүткүл алгоритмин кайра карап чыгуу. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган учурда ушул ченемдерди жана эрежелерди бузган ишкердик субъекттерин жабуу боюнча токтоосуз чараларды көрүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана терс кесепеттерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылуу;

— калкка натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү менен врачтардын жана медициналык персоналдын ишинин мотивациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөр сунушталсын:

— бардык мамлекеттик стационардык жана көчмө лабораторияларды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор), реагенттер жана лабораториялык изилдөөлөрдү толук көлөмдөжүргүзүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуу;

— башка жугуштуу оорулардын жана башка оорулардын жайылуу учуруна лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү реагенттердин 6 айлык кол тийгис запасын түзүү;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаменти тарабынан ташып келинген пцр-тесттерди, өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун жана эпидемия шарттарында керектелүүчү башка медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди сертификациялоону тездетүү;

— калкка жардам көрсөтүү үчүн мурда түзүлгөн медициналык персоналдын бүткүл резервин ишке тартуу;

— Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте:

Интернет жана телекоммуникациялык байланыш аркылуу амбулаториялык деңгээлде аралыктан консультацияларды берүүнүн жана үйдө медициналык жардам көрсөтүүнүн аракеттүү механизмдерин киргизүү;

коронавирустук инфекциясы жана ооруканадан тышкаркы пневмония ооруларынын белгилери байкалган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы күндүзгү стационарлардын жана ооруканалардын жайгашкан жерлеринин санариптик картасын иштеп чыгуу жана киргизүү.

  1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилерине төмөнкүлөр сунушталсын:

— кызматчылардын максималдуу санын аралыктан иштөө режимине өткөрүү;

— коронавирустук инфекциянын таралышын болтурбоо менен байланышкан учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын региондоруна жана чет өлкөлөргө кызматтык сапарлардын санын чектөө.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкүлөр сунушталсын:

— «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өзгөчө кырдаал режиминин алкагында ишенип берилген аймактарда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө багытталган бардык чараларды көрүү;

— коронавирустук инфекциянын жана башка вирустук оорулардын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүү, анын ичинде бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана сунуштарды так сактоонун милдеттүүлүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жигердештирүү.

  1. Эс алуу уюмдарынын субъекттерине (курорттор, санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери) төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:

— курорттук, туристтик зоналарда жүргөн жарандарга санитардык ченемдерди сактоонун тартиби жөнүндө маалымдоо;

— массалык эс алуу жайларында социалдык аралыкты сактоо эрежелери жөнүндө маалыматтык стенддерди орнотуу;

— жалпы пайдалануудагы бардык жерлерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу;

— курорттук жана туристтик уюмдардын аймагында медициналык маскаларды жана колкаптарды сатуу;

— дезинфекциялоочу каражаттардын бир айлык запасынын болушу жана аймактарды жана жайларды, ар кандай нерселердин үстүнкү беттерин санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык үзгүлтүксүз тазалоо жана дезинфекциялоо.

  1. Аймактык мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

— Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл буруу менен туристтик жана курорттук зоналарда саламаттык сактоонун потенциалын күчөтүү;

— ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенип:

— коронавирустук инфекцияга тестирлөө боюнча кошумча лабораторияларды ачуу;

— коронавирустук инфекциясына шектүү адамдар үчүн обсервациялоо зоналарында кошумча орундарды уюштуруу;

— шаарларда жана райондордо тиешелүү медициналык жабдуулар жана буюмдар, дары-дармек препараттары жана медициналык персонал менен жабдылган күндүзгү стационарларды уюштуруу;

— туристтик жана курорттук зоналардын аймактык ооруканаларын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери менен күчөтүү, аларды санитардык транспорт менен камсыз кылуу;

— медициналык буюмдардын жана дары-дармектердин бир айлык запасынын болушун камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий