• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /кабар/. «Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин чечимдерин кынтыксыз аткарылышы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарылдыгын белгилеп, айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады.

«Чечимдерди аткаруу үчүн ченемдик укуктук актылардын өзүнчө долбоорлорун иштеп чыгуу жана аны бекитүүнүн мөөнөтү — мамлекеттик органдар тарабынан эч негизсиз создуктурууда. Чечимдер кабыл алынгандан кийин иш солгундап, же такыр токтоп калган учурлар да бар. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бир мисал, 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалган.

«Алар ишкерлерден, биздин жарандардан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Маалыматка ылайык, ишкерлерден системалуу түрдө пара талап кылууга бул Мамлекеттик инспекциянын дээрлик бардык башкармалыктары аралашкан. Кылмышка шектелип кармалгандар Экотехинспекциянын жетекчилиги менен чогуу бир имараттын ичинде, бир кабатта иштешкен», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга же пара алууга аралашкан жетекчилер да өз жоопкерчилигин сезе билиши керек экенин баса белгиледи.

«Өзүнүн кызматкерлери кармалгандан кийин бир айдан кийин гана аларды жана алардын ишине жетекчилик кылган өзүнүн орун басарын иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мына ушундай жоопкерчилигсиз жетекчилерден улам коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу боюнча биздин бардык күч-аракетибиз жокко чыгып калууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай жетекчилер президентти, өкмөт башчысын, жалпы эле мамлекеттик бийликти жаман атка калтырып жатканын кошумчалады.

«Бизнесмендерге, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн Экотехинспекциядан башка мамлекеттик органдарда коррупционерлер жок дейсиңерби? Эл ичинде, бизнесмендердин арасында дээрлик бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Коррупцияга каршы кызматка, Финполго, Мамкурулушка, МКК сыяктуу элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга нааразылыктар айтылып жүргөнүн билем, — деп баса белгиледи президент. — Ооба, коррупция менен күрөштүн жемиштерин да көрүп жатабыз. «Бирок, «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамлекеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз. Массалык маалымат каражаттары канчалаган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоодо. Көзгө сайып көрсөтүүдө. Жарандык коом ушунчалык колдоп жаткан соң, коррпуцияга каршы күрөш токтобойт. Сиздер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөр жетектеген ведомстволордо жана министрликтерде реформалар жүргүзүлүп жатат деп бардык жерде айтып жатасыңар.

Реформалар жөнүндө жарыялап коюу оңой. Аны реалдуу ишке ашыруу, өз ведомствосун коррупционерлерден тазалоо, бул — башка нерсе. Бул жагында силер жүктөлгөн милдеттерди толук көлөмдө аткара албай жатасыңар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушунун кесепетинен, жалпы эле мамлекеттик бийликтин аброюна шек келтирилип жатканын дагы бир жолу баса белгиледи.

»Бул укук коргоо жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өздөрүнүн министрлик, ведомстволорунун ичиндеги коррупцияга каршы күрөшкө көңүл кош мамилесинин жыйынтыгы», — деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий