• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча бир топ жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү. Тизме

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу максатында бир катар кызмат адамдарына карата тартиптик чара көрүлдү. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин
2-бөлүгүнүн 25-26-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 чечиминин 14-пунктуна ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:

- төмөнкүлөргө катуу сөгүш берилсин:

-Осмонбетов Эмиль Кубатовичке - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын айдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

-Ирсалиев Медер Эсенгуловичке - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

-Джаманбаев Мырза Кермалиевичке - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

- төмөнкүлөргө сөгүш берилсин:

-Чолпонбаев Космосбек Сариевичке - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

-Аманкулов Мирслав Акаловичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

-Джусупбекова Надира Сынташевнага - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

- төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

-Кылжыев Самат Аскербековичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;

-Джаманкулов Марат Тургунбаевичке - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

-Жаманкулов Азамат Капаровичке - Маданият, маалымат жана туризм министри;

-Абдалиев Кабыл Кушбаковичке - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

-Абдиев Бактыбек Абышевичке - Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

-Айдаров Каныбек Абдрайовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;

-Аманкулов Канат Маратовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

-Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;

-Кожошев Арзыбек Орозбековичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

-Мамбетов Алмаз Ишенбековичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

-Мусаходжаев Акылбек Абдылдаевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы;

-Нурбашев Таалайбек Инашевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

-Сабиров Шухрат Маматалиевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору;

-Салиев Бахтияр Усмановичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

-Таиров Бакир Дуулатовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

-Таштаналиев Кокумбек Жумагуловичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору;

-Турганбаев Мелис Токтомамбетовичке -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

-Тыналиева Бакыт Карыбековнага - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

-Чапаев Жаныбек Жумабековичке -Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору.

Пикир

Оставить комментарий