• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары өзгөртүлөт – Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 15.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары өзгөртүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
Ал билдиргендей, президент тарабынан 2013-жылы маморгандардагы системалык паракорчулукка каршы багытталган буйрук кабыл кабыл алынган.
“Ал жакта 61 мамлекеттик орган каралган. Алар боюнча системалык коррупцияны бузуу планы боюнча иштер жүргүзүлүп баштаган. Ошол 61 маморгандын ичинен 43ү боюнча иштер даярдалып ишке ашып жатат. Бирок мен буга чейин айткандай, ал жакка тиешелүү пландарды даярдаганга ИИМ, УКМК, МЖАК, МБК, ЭКККМК боюнча жетишкен эмес.
Мен буга эмнеге көңүл бурдум, себеби дегенде катчылык тарабынан адистерди тартуу менен коррупцияны бузуу боюнча долбоорлор даярдалат”,-деп билдирди ал.
Сагынбаев билдиргендей, 16-мартта Жогорку сотто эксперттик топтун биринчи жыйыны болот. Анда аталган маморгандардагы системалык коррупцияны жоюу боюнча план иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий