• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнү тездетүү маселесин карады

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы жумушчу кеңешмеде архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндө «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнү тездетүү маселесин карады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, бул ишке тартылган ишканалардын, ошондой эле инженердик кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жарандарды натыйжалуу тейлөө үчүн мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агентчилигинин ишмердигине «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү боюнча сунуштар берилгенин баса белгиледи.

Бул сунуштарды ишке ашыруунун алкагында, тагыраак айтканда, уруксат берүүчү документтерди алууга кайрылууларды берүүнүн жана кароонун мөөнөтүн кыскартуу, курулуш чөйрөсүндө, анын ичинде курулуш тармагынын инвесторлору үчүн уруксат берүүчү жол-жоболорду жеңилдетүү боюнча кээ бир оң натыйжаларга жетишилгени белгиленди.

Ошону менен бирге Дамир Сагынбаев Мамкурулуштун ишмердигине «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүнүн жүрүшүндө айрым мамлекеттик органдар, тийиштүү ишканалар жана кызматтар тарабынан бул программаны киргизүү негизсиз создуктурулуп жатканын, бул коомчулуктун жана бизнес өкүлдөрүнүн сынына кабылып жатканын баса белгиледи.

Жалпы жөнгө салуунун жана зарыл өз ара аракеттешүүнүн, ошондой эле ишке тартылган түзүмдөр арасында бул маселени чечүүгө кызыкдарлыктын жоктугу белгиленди.

Ушуга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы шаар куруу жана архитектура чөйрөлөрүндө коррупциялык тобокелдиктер дагы эле бар экенин, Мамкурулуштун, Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкерлеринин да, курулушка өтүнмөнү кароо жана тийиштүү уруксатты алуу процессине катышкан башка органдардын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн да аракеттерине жарандардан даттануулар түшүп жатканын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамкурулуштун ишмердигинде «Бирдиктүү терезенин» натыйжалуу иштөөсү үчүн төмөнкү маселелерди ыкчам чечүүнү сунуш кылды:

— ГКПЭН Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрликтери менен бирге инженердик камсыздоо тармактарынын кубаттуулуктарынын интерактивдүү картасын иштеп чыксын жана жер-жерлердеги архитектура органдарына өткөрүп берсин;

— Мамкурулуштун ишканалары көрсөтүп жаткан кызматтарды санариптештирүү процессин улантсын;

— Бишкек шаарынын мэрлигинин Жер ресурстары башкармалыгы, ошондой эле башка шаарлардын ушул сыяктуу түзүмдөрү шаар куруу документтерин (деталдаштыруу менен пландоо долбоорун (ПДП), курулуш долбоорлорун) иштеп чыгууну кыска мөөнөттө аяктасын;

— Мамкурулуш электрондук шаар куруу кадастрын ишке киргизсин.

Пикир

Оставить комментарий