• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын бир күн мурун пара алып жаткан жеринен кармалган УКМКнын кызматкери жөнүндө маалыматы

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы «Мен сизди кармабаш үчүн 3 миң доллар бересиз. КР УКМКнын кызматкери жаш энеден акча талап кылган» деген аталыштагы маалыматтык сайттардын бириндеги ачык кайрылуу маселеси боюнча Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматтарын изилдеп чыкты.

Жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталган.

2020-жылдын 4-сентябрында саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын 4-кичи районунда ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан КЖБРге Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 77 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук оперативдик кызматкери кармалган.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 19-августунда Башкы прокуратурага А.О. аттуу жарандын Бишкек шаарынын Октябрь районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматында (ЗАГС) өзүнүн улуу баласы Н.У.га аталыгын аныктоого байланыштуу маселени оң жагына чечүү үчүн 3000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган «Санжар» аттуу финансы полициясынын кызматкерине чара көрүү жөнүндө арызы келип түшкөн.

Андан кийин бул арыз ЭККМКга кароого жөнөтүлүп, ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн өндүрүшүнө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн «Санжар» аттуу кызматкер финансы полициясынын кадрлар аппаратынын каттоосунда жок экендиги аныкталган.

2020-жылдын 4-сентябрында аталган адам жалган кызматкер катары пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле автоунаанын ичиндеги, 2016-жылы кызматтан бошотулган КР УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери болгон экинчи жаран кармалган.

ЭККМК кызматкерлерине кармалган адамдын улуттук коопсуздук органдарына таандык экендиги жөнүндө ал кармалгандан кийин гана белгилүү болгон.

Белгилеп кетчү жагдай, кармалган адамды процессуалдык каттоо учурунда УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышкан.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, КР УКМКнын кызматкери ушул жылдын 4-сентябрында кармалган күнү, кызматтык ордун уруксатсыз таштап, жумуш күнү арыз ээси менен үч жолу жолугушкан, материалдык пайда табуу максатында ал 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган жана жогоруда белгиленгендей, түнкү саат

22:00дө пара алып жаткан жеринен кармалган.

КР УКМКнын кадрдык аппаратынын маалыматына ылайык, ал буга чейин 9-кызматынын мурунку башчысы Д. С. Мусакеевдин айдоочусу болуп КР УКМКнын 9-кызматында кызмат өтөгөн, андан кийин 2016-жылы, КР УКМКнын мурдагы төрагасы А. К. Сегизбаевдин буйругу менен оперативдик кызматка которулуп, КР УКМКсынын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн. Акыркы ээлеген кызматы — КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук оперативдик кызматкери.

Кармалган жаран «COVID-19» боюнча ПЦР-анализинин жоктугунан Бишкек шаарынын БИИБсинин убактылуу кармоочу жайына (ИВС) жайгаштырылган эмес.

Ушуга байланыштуу, 2020-жылдын 5-сентябрында тергөө тобунун жетекчиси тарабынан кармалган адам коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жөнөтүлүп, изилдөө жүргүзүүдө анын «COVID-19» вирусу бар экени аныкталган.

2020-жылдын 6-сентябрында кармалган адамга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүгү (алдамчылык) жана 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каралган кылмыштарды жасагандыгына шектүү жөнүндө кабарлама берилген.

Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы шектелүүчү

Н. уулу С. карата баш коргоо чарасын 2 айлык мөөнөткө камакка алууну тандап алуу тууралуу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөөчү судьясы Н. Ибраимов тарабынан өтүнүч канааттандырылган эмес жана шектелүүчүгө карата үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы аныкталган.

Ушуга байланыштуу, 2020-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык сотунун Жазык иштери жана административдик мыйзам бузуулар тууралуу иштер боюнча соттук коллегиясына тергөөчү судьянын аталган токтомун жокко чыгаруу жана шектелүүчүгө карата баш коргоо чарасын карап чыгуу жана камакка алуу түрүн аныктоо жөнүндө апелляциялык сунушу киргизилген.

2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бул сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген, ал жерде иш өндүрүшкө алынып, андан ары тергөө ишке ашырылып жатат.

Белгилеп кете турган нерсе, КР УКМК жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык-аскердик тартипти одоно бузууга жол берген күнөөлүү адамдарга карата тартиптик таасир тийгизүүнүн катуу чаралары көрүлгөн.

Жаза көрүлүүчү кылмыш жосунунун белгилери каралган, мыйзамга каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМКнын кармалган кызматкери дискредитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн жетекчисине кол алдындагылардын үстүндө тийиштүү контролдун жана ишенип берилген бөлүмдө тарбия иштеринин жоктугу үчүн толук эмес кызматтык туура келбестиги жөнүндө эскертилди.

УКМК Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жетектеген бөлүмдөрдөгү ишти начар уюштуруусу үчүн сөгүш жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын УКМК Өздүк коопсуздук кызматы тарабынан арыз берүүчү А.О. карата моралдык-психологиялык басым көрсөтүүгө жол бербестен, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүнө кийлигишпей тургандыгын эскертүү боюнча УКМКнын кармалган кызматкеринин жакын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий