• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомдук кеңештерди биргелешип иштөөгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештердин мүчөлөрүн мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөөдө биргелешип иштөөгө чакырды. Ал бул тууралуу "КР мамлекеттик органдарынын ишинин ачыктыгын арттыруудагы мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин орду" аталышындагы жыл сайын өткөрүлүүчү конференцияда билдирди.

"Сиздер билгендей, Коопсуздук кеңеши тууралуу мыйзамда Коопсуздук кеңешинин бир катар милдеттери, ыйгарым укуктары каралган. Бизде чектелбеген ыйгарым укуктар бар дебейин, бирок мамлекеттик органдардын ишине таасир этүүгө көп мүмкүнчүлүк бар. Биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз жана сиздерден чоң жардам керек", - деди ал.

Ал белгилегендей, аларда мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча иш алып барган жумушчу топ бар. Сагынбаев, коомдук кеңештерди өздөрүнүн мүчөлөрүн бул ишке аралаштырууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий