• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин катчысы менен ШКУнун РАТТ Аткаруу комитетинин директору кызматташууну талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 1-мартта, Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) Аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын маалымдашты.

Аймактык коопсуздук, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтык маселелери жана ШКУнун РАТТын учурдагы практикалык ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жана натыйжалуу жооп кайтаруу жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча актуалдуу багыттарды жана практикалык чараларды талкуулашты.

Марат Иманкулов ШКУнун РАТТ Аткаруу комитетинин потенциалын жана беделин чыңдоого жигердүү салым кошууга толук даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий