• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчысы министр Бейшеналиевге: COVID-19дун болжолдуу экинчи толкунуна даяр болушуңар керек

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев коронавирустун эң жогорку чеги катталып жаткан учурларда стационарлардын көпчүлүгүнүн абалы аянычтуу болгондугун билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жайында ооругандардын саны көп катталган кезде ооруканаларда орундар жетишпей, бейтаптарды «Семетей» госпиталына жайгаштырышкан.

«Бирок анын абалы «мышык ыйлагыдай» болчу. Керебеттер эски, жылуулук жок, суук. Саламаттык сактоо министрлиги кемчиликтердин баарын жоюп, коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна тиешелүү деңгээлде даяр болушу керек», - деди ал.

Мусаев өз сөзүндө тапшырма коюлгандыгын жана илдеттин экинчи толкуну болобу же жокпу ал аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий