• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинин катчысы: Таза жана ачык-айкын шайлоо башкы артыкчылык болгон

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Шайлоо өнөктүгү башталар алдында президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын алдына шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча так милдеттерди коюп, шайлоого аттанган бардык саясий күчтөрдү мыйзамдын талаптарын сактоону суранган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат иманкулов “Ала-Тоо 24” каналына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, президент саясий эркин көрсөтүп, өлкөдө адилеттүүлүктү, тартипти орнотуу үчүн таза шайлоо өткөрүүнү убада кылган.

“Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы бардык олуттуу саясий толкундоолор таза эмес шайлоолордун натыйжасында болуп, акыры эл жалгандан, шылуундуктан тажады. Буга чейинки шайлоолор таза эмес, эң ыплас ыкмаларды колдонуу менен өтчү. Мына ушулардын бардыгы өлкө үчүн оор революциялык кесепеттерге алып келген. Натыйжада адилетсиз шайлоо улуттук коопсуздуктун коркунучуна айланды. Муну түшүнгөн президент Садыр Жапаров өткөн шайлоодо бардык мүмкүн болгон ыплас технологияларды жокко чыгарды. Бул бардык чет элдик байкоочулар тарабынан таанылган таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берди”, - деди ал.

Марат Иманкуловдун пикиринде, шайлоонун жыйынтыгы – Кыргызстан элинин өз эркин билдирүүсү.

Пикир

Оставить комментарий