• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинин катчысы террордук актыларды ишке ашыруу формалары жана ыкмалары кеңейүүдө деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Террордук жана экстремисттик актыларды ишке ашыруу формаларынын жана ыкмаларынын арсеналынын кеңейгендиги байкалууда. Бул тууралуу “Экстремизмге онлайн каршы күрөшүү” эл аралык симпозиумунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар террордук актылардын алдын алынган.

Сагынбаев топтордун бир бөлүгү туруктуу негизде каржылоо тапкысы келет, калган бөлүгү өзүнүн максаттарына жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонот деп билдирди.

“Биз терроризмдин жана экстремизмдин көйгөйлөрүн күч колдонуп чечүү мүмкүн эмес экендигин баамдап жатабыз. Бул уюмдар өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык абалдардын негизинде жакшырууда. Алардын башкы куралдарынын бири заманбап технологиялар. Анын жардамы менен алар өз катарларын толтуруп жатышат”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Пикир

Оставить комментарий