• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 01.09.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.

Мамлекет башчысы шайлоолорду таза өткөрүү Кыргызстандын мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналарын белгиледи. Айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө билдирүүлөргө бийлик органдары тарабынан ыкчам реакция болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков бардык саясий партияларды, алардын жактоочуларын шайлоо өнөктүгүндө мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга дагы бир жолу чакырып, мындай аракеттер мыйзам чегинде өз баасын аларын эске салды.

Мындан сырткары, ал шайлоочуларга кайрылып, өз добуштарын сатпашын, парламенттин тагдыры шайлоочулардын эркине жана алардын кыраакы тандоосуна көз каранды болорун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо максималдуу түрдө демократиялуу, ачык-айкын өтүүгө тийиш экенин, анын жыйынтыктарына эч ким шектенбеши керектигин айтып, жыйынтыктады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле талкууланып жаткан маселе боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков сөз сүйлөдү.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий