• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абалды узартуу жана киргизүүгө карата негиздемеси

Президент 0

Бишкек. 14.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 25-мартында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абалын киргизүү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясын (мындан ары — коронавирус) жайылышын болтурбоо жана жуктуруу очокторун локалдаштыруу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы менен шартталган болчу.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирус жуктуруп алган 430 фактысы тастыкталган, натыйжада 5 адам өлүмгө учурап, 67 адам коронавирустан айыккан.

Анын ичинде 83 медициналык кызматкер жуктурууга чалдыккан.

Саламаттык сактоо жана укук коргоо органдары жуктурууга чалдыккандарды, ошондой эле алар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштерин улантууда.

Республиканын бардык аймактарында обсервациялоо үчүн, ошондой эле байланышта болгон жана келип жаткандарды карантинге алуу жана дарылоого конкреттүү бейтапканалар аныкталган.

Көрсөтүлгөн шаарларда жана райондордо өзгөчө абалын киргизүү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча коронавирустун жапырт (массалык) жайылышын болтурбоого жана жуктуруу очокторун локалдаштырууга мүмкүндүк берди.

Акыркы күндөрдө жарандардын коронавирусту жуктуруу фактыларынын саны күн сайын 10дон 40ка чейинки учурлар аралыгында болууда.

Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында ооргандар менен байланыш аркылуу жуктуруп, бирок аларда оорунун белгиси жок өтүп жаткан жарандар бар экенин күбөлөндүрөт.

Албетте, көрсөтүлгөн жарандар коронавирустун потенциалдуу алып жүрүүчүсү катары эсептелет жана калкка коркунуч туудурушат.

Жуктурууга шектелгендер, алардын жакын туугандары, достору жана башка адамдар менен байланышта болгон жактардын саны, өзгөчө абалды токтоткон учурда тездик менен көбөйөт жана натыйжада бир нече миңге жетиши мүмкүн.

Өзгөчө абалды токтоткон учурда айрым коомдук тамактануу жайларынын, соода-базар комплекстеринин жана башка чарбалык субъекттердин ачылуусу калктын көпчүлүк массасынын кыймылына жана тыгыз байланышына алып келүүсүн эске алганда, эпидемиологиялык кырдаал кармап туруудан контролсуз фазага өтүп кетиши мүмкүн.

Айрыкча, жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды кыйла аз сактаган жана жеке коргонуу каражаттар менен толук камсыз болбогон региондордо абалдын начарлашы байкалып баштайт.

Натыйжада, коронавирустун контролсуз жайылышы саламаттыкты сактоо системасына чоң жүктөмдү алып келиши мүмкүн.

Айрым жарандар менен уюмдар өлкө жетекчилигин өзгөчө абалды токтотууга үндөшүүдө.

Алардын келтирген жүйөлөрү объективдүү.

Бирок, алардын ичинде эң маанилүү нерсе — биздин жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо жана коргоо эске алынбай жатат.

Учурда эгерде өзгөчө абал токтотулса, жуктурууга чалдыккандардын саны жана өлүмгө дуушар болуу жогорулашы мүмкүн.

Түзүлгөн абалда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине байланыштуу популярдуу эмес чечимди кабыл алуу муктаждыгы келип чыкты.

Бирок бул чечим биринчи кезектеги артыкчылыктуу милдеттер менен шартталат — бул Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо.

Ошондуктан, биздин бардык жарандарыбызды киргизилген чектөөлөргө түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырабыз.

Бардык санитардык-гигиеналык нормаларды жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын сактоо абзел.

Башка жарандар жана туугандарыңыздар менен байланыштарды максималдуу түрдө чектөө керек.

Көрсөтүлгөн бардык талаптарды кармануу бизге кыйынчылыктарды жеңүүгө, чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө жардам берет деп ишенебиз.

Пикир

Оставить комментарий