• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдире.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө маселе каралды.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштаган чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ички тосмо-постторду алып салууну эске алуу менен, буга чейин өзгөчө абал киргизилген аймактардын кирүүчү/чыгуучу жерлериндеги санитардык-карантиндик тосмо-посттордун ишин улантуу сунушталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөргө салынган тыюуларды күчүндө калтыруу сунушталды:

— бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө;

— ишкердик субъекттер үчүн товарларды ташуу учурларын кошпогондо, ооруну жуктуруп алууга көбүрөөк кабылган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштар арасында жарандардын жүрүүсүнө;

— өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсүнө;

Ошону менен катар Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

— өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү боюнча план-графигин 2020-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө бекитүү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген кесепеттерди азайтуу боюнча 2020-жылга биринчи кезектеги чаралар планын ишке ашырууну улантуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканын тармактарын жана ишкердик субъекттердин ишин калыбына келтирүү жана камсыз кылуу боюнча 2020-жылга финансылык жана фискалдык чаралардын кошумча планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— кризистен кийинки өнүгүүнүн жана экономикадагы түзүмдүк реформалардын узак мөөнөттүү чаралар пакетин, анын ичинде зарыл болгон программаларды, пландарды жана укуктук-ченемдик актыларды даярдоо;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:

1) ишканалардын жана ишкердик субъекттердин конкреттүү тизмесин, алардын кызматкерлеринин так санын, иштөө убактысын жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүүнүн ыкмаларын белгилөө менен айрым ишкердик субъекттердин ишин жандандыруу боюнча чараларды көрүү;

2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен тыгыз кызматташып, иши жандандырылып жаткан объекттерде тийиштүү чараларды көрүү жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барган ыкчам штабга 2020-жылдын 30-апрелине чейин экономикалык ишмердүүлүктү жандандырууда санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды аткаруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишкерлер менен калк арасында ишкердик субъектилердин экономикалык ишин этап-этабы менен жандандыруунун эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий