• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу “Кыргызтелеком” ААК үчүн коррупцияга каршы чаралардын планын бекитти

Президент 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу кезектеги жыйынында “Кыргызтелеком” ААКында коррупциялык тобокелчиликтерди демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын долбоорун карап, аны бекитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы системасындагы коррупцияга байланыштуу проблемаларды алдын-ала талдоону карады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мурдараак Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик тобу башкармалыктын төрагасы Марат Каратаев баш болгон “Кыргызтелеком” ААКынын жетекчилиги менен тыгыз аракеттенип, телекоммуникациялык чөйрөдө коррупциялык схемалардын себепкери болуп келген коррупциялык тобокелчиликтердин пайда болуу факторлору аныкталган болчу (М. Каратаев мурда КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылык кызматында иштеген). Ушуга байланыштуу эксперттик топко “Кыргызтелеком” ААК менен бирдикте “Кыргызтелеком” ААКында коррупциялык тобокелчиликтерди демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү тапшырылган.

Жумушчу топтун мүчөлөрү аткарылган ишке оң баа беришип, кошумчаларды жана толуктоолорду эске алуу менен деталдаштырылган планды жактырышты.

Мындан тышкары, жыйында өлкөнүн Мамлекеттик кадр кызматындагы коррупциялашкан зоналардын жана тобокелчиликтердин тизмеги каралды. Тактап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердигин талдоого алып, коррупциялык схемаларды аныктаган.

Ведомствонун системасында 8 коррупциялашкан зоналар жана 13 коррупциялык тобокелчиликтер аныкталган. Коррупциялашкан зоналар көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик буйрутмага, бош орундарга конкурс өткөрүүгө, мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердигин көзмөлдөөгө, мамкызматкерлердин айлык акысына ж.б. байланыштуу.

Жыйында коррупциялашкан зоналарды жоюу үчүн ведомстводогу бир катар процесстерди автоматташтыруу зарылдыгы белгиленди. Мисалы, кадрлар боюнча бардык буйруктарды электрондук форматка өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардагы кардык документ жүгүртүүнү автоматташтыруу зарыл. Мамлекеттик органдардын маалыматтар базасын МКК системасы менен байланыштыруу жана күчүнө кирген сот чечимдери, терс негиздерде кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар боюнча “кара тизмени” автоматтык түрдө түзүү керек.

Мындан тышкары, “өлүк жандарга” айлык чегерүү практикасын жоюу үчүн эмгек акыларды финансылоо бөлүгүндө МКК менен КР Финансы министрлигинин ортосундагы маалымат алмашууну автоматташтыруу сунуш кылынды.

Жумушчу топ Мамлекеттик кадр кызматы менен бирге айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен үч жумалык мөөнөттө Мамлекеттик кадр кызматында коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу боюнча деталдаштырылган пландын долбоорун иштеп чыгып, жумушчу тобунун кароосуна киргизүүнү эксперттик топко сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий