• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин жыйыны боюнча Өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди — тизме

Президент 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, жыйында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди.

Алардын катарында бейтаптарды коронавирус инфекциясынан дарылап жаткан ооруканаларга, обсервацияларга, санитардык посттордун ишине тартылган врачтардын жана медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында аларга бир жолку материалдык сый акы төлөө маселеси бар.

Ошондой эле өзгөчө абал жарыяланган калктуу пункттарга эң зарыл болгон товарларды жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү жеткирүү жана ишке ашыруу алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды. Ошол эле мезгилде муктаждардын тизмесин катталган жерине эмес, жашаган жерине карап түзүү зарыл.

Ошондой эле Коопсуздук кеңеши тарабынан Премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий