• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин жыйынында шайлоону жана референдумду жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселелерди чечүүдөн сырткары, төмөнкү милдеттерди аткарууга көңүл бурушу керектигин белгиледи:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— Президентти шайлоону жана референдумду ачыктык, айкындуулук жана демократиялык принциптеринде, укуктук мейкиндикте гана өткөрүлүшүн камсыз кылган толук чаралар көрүлсүн;

— шайлоо алдындагы, шайлоо учурундагы жана шайлоодон кийинки мезгилдеги коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча БШК, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координациялоо жана өз ара аракеттенүү иштери камсыз кылынсын;

— 2020-жылдын 28-декабрына чейинки мөөнөттө Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте шайлоо процессинин бүткүл мезгилинде коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынсын;

— 2020-жылдын 29-декабрына чейинки мөөнөттө БШК, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандардын шайлоо участкаларына барган убакта оору жуктуруусун болтурбоого багытталган деталдуу план кабыл алынсын;

— мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык жана түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн;

— шайлоо мыйзамдарын бузган мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары кызматтан бошотууга чейин мыйзамда белгиленген тартипте токтоосуз тартиптик жоопкерчиликке тартылсын.

Мындай фактылар аныкталган учурда алардын иш-аракеттерине укуктук баа берүү үчүн тийиштүү материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлсүн;

— Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдум өткөрүү күнү шайлоо участкаларына барганда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды кынтыксыз сактоо жөнүндө калкка туруктуу негизде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берилсин.

  1. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Өкмөт менен биргеликте төмөнкүлөргө багытталган чараларды көрсүн:

— мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бүткүл шайлоо процессинин жана кабыл алынуучу чечимдердин максималдуу айкындуулугуна жана ачыктыгына жетүүнү камсыз кылууда натыйжалуу өз ара аракеттенүү;

— 2020-жылдын 6-январына чейинки мөөнөттө Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында:

бардык шайлоо участкаларын дезинфекциялоочу каражаттар менен жабдуу;

шайлоо участкаларынын ишин социалдык аралык эрежелерин сактоо менен уюштуруу;

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларын жана чектеш аймактарды дезинфекциялоону уюштуруу;

— учурдагы техникалык жана уюштуруу көйгөйлөрүн жоюу жана шайлоо процессинде колдонулуучу жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу;

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту шайлоону өткөрүү боюнча орган тарабынан өз убагында чечимдерди кабыл алуу максатында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдары тарабынан өз убагында каралуусун жана процесстик чечимдердин кабыл алынуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылуусун сунуштайм.
  2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

— Куралдуу Күчтөрдүн кызматчылары, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан шайлоо мыйзамдарын сактабаган фактыларын болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш күчөтүлсүн;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, шайлоо мыйзамдарын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарышына талаптагыдай көзөмөл камсыз кылынсын;

— шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөл күчөтүлсүн.

  1. Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

— 2020-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө шайлоо процессинин бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү оперативдүү штаб түзүлсүн;

— БШК менен биргеликте шайлоо бюллетендерин шайлоо участкаларына жеткирүү жана аларды күнү-түнү кайтаруу камсыз кылынсын;

— коомдук коопсуздукту коргоо максатында төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралардын комплекси ишке ашырылсын:

шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо жана сатып алууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу, анын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө чагылдыруу;

трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү;

стратегиялык объектилерди жана башка инфратүзүмдөрдү кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

— 2020-жылдын 25-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейин мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана коргоонун күчөтүлгөн варианты киргизилсин, анын ичинде мамлекеттик чек ара аркылуу кирүү-чыгуу каналдарына көзөмөл күчөтүлсүн;

— жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо жана мамлекеттик чек ара режимин, өткөрүү пункттарындагы чек ара жана өткөрүү режимди сактоо боюнча чек ара аймактарындагы калк менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги республикадан тышкары жүргөн шайлоочулардын арасында алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун шарттары, ошондой эле добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерин жана социалдык аралык талаптарын сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтсүн.
  2. Мамлекеттик каттоо кызматы:

— алдыда боло турган Президенттик шайлоодо шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн болтурбаган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүдө БШКга жардам көрсөтсүн;

— Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштардын толук жана сапаттуу иштөөсүн камсыз кылсын.

  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары туруктуу негизде:

— аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча кошумча чараларды көрсүн;

— жергиликтүү калк арасында укукка каршы аракеттерди жасоого, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө тийиштүү алдын алуу иштери жана түшүндүрүү чараларын жүргүзсүн;

— туруктуу негизде төмөнкүлөргө жардам көрсөтүлсүн:

БШКга шайлоо процессин өткөрүүгө;

саламаттыкты сактоо уюмдарына жана аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана социалдык аралыктын ченемдеринин сакталышын камсыз кылууга;

аймактык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын бирдиктүү тизмесин түзүүгө.

  1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте кеңири үгүттөө-маалыматтык кампаниясы жүргүзүлсүн, анын алкагында жарандар 2021-жылдын 10-январында жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга чакырылсын.

Пикир

Оставить комментарий