• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 31-мартта өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин жана анын андан ары өлкө аймагына жайылышын алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө санитардык посттордун, обсервациялоо жайларынын жана коронавирустук инфекция жуккан бейтаптар дарыланып жаткан ооруканалардын ишине тартылган врачтардын жана орто медициналык персоналдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана дем берүү максатында алардын ар бирине ай сайын материалдык сый акы төлөп туруу сунушталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталган:

— өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарга продукттарды жана биринчи зарылдыктагы социалдык-маанилүү товарларды жеткирүүнүн жана сатуунун алгоритмин иштеп чыгуу;

— «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан обсервацияларда кошумча орундарды жана аскердик бөлүктөрдүн биринин аймагында обсервация үчүн санитардык-эпидемиологиялык нормаларга туура келген жаңы орундарды түзүү;

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши тарабынан төмөнкү чаралар каралган чечимдер кабыл алынды:

— өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик кызматчыларын, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин аралыкта иштөө режимине которуу;

— бардык коомдук жайларда, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, ар кандай ведомстволордун мекемелеринин жана уюмдарынын жана башка чарбалык субъекттердин объекттеринде, айрыкча жуктуруу учурлары катталган аймактарда масштабдуу дезинфекциялоону уюштуруу;

— улгайган адамдарды жашаган жери боюнча алардын абалын текшерүү жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүү үчүн медициналык жана социалдык кызматкерлердин аларды үзгүлтүксүз кыдыруусун жана аларга баруусун уюштуруу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарда жашаган айрыкча муктаж болгон жарандардын фамилиясы көрсөтүлгөн тизмелерди түзүү, аларга продукттарды жана биринчи зарылдыктагы социалдык-маанилүү товарларды берүү.

— өзгөчө абал киргизилген региондордун ортосунда жана шаарлардын ичинде товарлардын тоскоолдуксуз ташылуусун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар, Коронавирус менен байланышкан кырдаалды байкоо боюнча оперативдик штаб жана социалдык-маанилүү продукттарды жеткирүүчүлөр ортосундагы координацияны күчөтүү;

— Кыргыз Республикасына келүүчү бардык адамдарды коронавирустук инфекциясын жугузуп албагандыгын текшерүү үчүн экспрес-тестирлөөдөн өткөрүүнүн таасирдүү алгоритмин ишке киргизүү;

— коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн келип жаткан донордук жана гуманитардык жардамды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

— тиешелүү кызматтар жана компаниялар менен коммуналдык кызматтарга, телекөрсөтүүлөргө жана интернетке төлөөлөрдү жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу жана облустук борборлордон адистештирилген тоюттарды фермердик жана дыйкан чарбаларга жеткирүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөчө абал киргизилген аймакта жайгашкан банкоматтарды накталай акча каражаттары менен жетиштүү санда камсыз кылуу маселесин коммерциялык банктары менен иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий