• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коопсуздук курун тагынуу менен жол кырсыктарында 70% өмүрлөрдү сактап калууга болот - БДСУ

Коом 0

Бишкек, 20.11.17 /Кабар/. Жол кырсыктарында коопсуздук курун тагынуу менен 70% өмүрлөрдү сактап калууга болот, - деди Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсе башчысы Ярно Хабихт.

“Эгерде ар бир адам айдоо маданиятын сактап, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин карманса, жол кырсыгын жана анын кесепеттерин кыскартууга болот”, - деди Хабихт жол кырсыктарынан жаракат алуу жана каза болууну кыскартуу боюнча кеңешмеде.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиевдин айтымында, жол кырсыктары өлкөбүздөгү ооруларга чалдыгуу, майып болуу жана каза болууга таасирин тийгизүүчү кеңири жайылган көйгөйлөрдүн бири.

“Тилекке каршы, БДСУ маалыматы боюнча, өлкөбүз жол кырсыгында каза болгондордун санынын көптүгү боюнча өлкөлөрдүн тизмесинин биринчи үчилтигинде турат”,- деди министрдин орун басары.

ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, дагы 20дан ашыгы жаракаттарды алат. Тиешелүү органдар тарабынан аварияларды азайтуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлө элек. ИИМ 2017-жылдын башынан бери жол кырсыктарынан республика боюнча 700дөн ашуун адам каза болгонун билдирет. Авариялардын негизги себеби жол кыймылынын эрежелерин сактабагандык болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий