• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коопсуздук максатында “Акылдуу шаарды” өзүбүз ишке ашыруубуз керек – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Коопсуздук жагынан алып караганда “Акылдуу шаар” долбоорун КР өкмөтү өзү ишке ашырса жакшы болот. Бул тууралуу “Кыйноо жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” эл аралык конференциясында КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

“Өкмөт башчы “Акылдуу шаар” долбоору мамлекет тарабынан жүзөгө ашат деп айткан эле. Же болбосо гранттарды издеш керек. Менимче бул коопсуздук жагынан алганда туура”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстан өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоору боюнча Кытайдын Huawei компаниясы менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечкен. “Тактап айтканда, милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгына: долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, атап айтканда, техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалышына жана сунушталышына байланыштуу эсептелет”,-деп түшүндүрүшкөн өкмөттөн.

Кийинчерээк өкмөт башчы Сапар Исаков долбоордун мамлекет үчүн приоритеттүү экендигин эске алып, КР өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун эл аралык донорлордун жана бизнес секторлордун жардамы менен өзү жүзөгө ашырууну чечкендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий