• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кооптуу эмес турак жайларда жашаган кыргызстандыктарды КРнын Украинадагы элчилигине чогултуу ишке ашырылууда

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кооптуу аймакта жашаган кыргызстандыктарды КРнын Украинадагы элчилигине чогултуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Украинада кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда.

"Жарандардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам кооптуу эмес турак жайларда жайгашкан КРнын жарандарын Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Киев шаары, Печерский р-н, Редутный көчөсү 19/34 дареги боюнча чогултуу ишке ашырылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик коопсуз турак жайларда жашаган мекендештерибизге жайгашкан жеринде калууну сунуштайт.

Украинанын аймагынан чыгууну каалаган жарандар төмөндөгү байланыш телефондорго кайрылуусу керек:

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тайпасы;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Пикир

Оставить комментарий