• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ӨКМ тарабынан Ош облусуна 106, Баткен облусуна 10 жана Жалал-Абад облусуна 22 чатыр, жалпы 138 даана чатыр бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулган. Бүгүнкү күндө кооптуу тилкелерден жалпы 92 үй-бүлө, алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырларга, ал эми 69 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

"Ар бир жараныбыздын өмүрү биз үчүн кымбат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү иштерин ыкчам улантуу зарыл. Ошондой эле, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу жумуштары токтоосуз уланууга тийиш", - деди министр Замирбек Аскаров.

Белгилей кетсек, КР өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бүгүн, 14-майда ӨКМдин тиешелүү жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Анда, аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча берилип жаткан шашылыш эскертүүлөрдүн негизинде алдын алуу жумуштары боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтарын угуп, кырсыктарды болтурбоо боюнча кошумча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий