• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Координациялык кеӊеште парламенттин 19-20-апрелде өтө турган жыйындарынын күн тартиби бекитилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги менен Координациялык кеӊештин кезектеги жыйыны өтүп, анда парламенттин 19-20-апрелдеги жыйындарынын күн тартиби бекитилди. Төрага жыйындын катышуучуларын жаӊыдан дайындалган Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев менен тааныштырып, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин 19-апрелде өтүүчү жыйынында «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ж.б.у.с. мыйзам долбоорлору талкууга алынат.

Ал эми парламенттин 20-апрелги жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» сындуу бир катар мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн «Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому да талкууланмакчы.

Андан тышкары, Координациялык кеӊеште Өкмөттүн аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин ар жылдык отчетун тармактык комитеттерде кароо графиги бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий