• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Копенгаген дүйнөдөгү комфорт шаарлардын рейтинги боюнча биринчиликти ээледи

Дүйнө 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Savills эл аралык кыймылсыз мүлк агенттигинин иликтөөсүнө караганда, Копенгаген дүйнөдөгү комфорт шаарлардын рейтинги боюнча биринчиликти ээледи.

“Жашоо комфортунун” параметри шаар чөйрөсүнүн сапатына тиешелүү бир канча көрсөткүчтөрдү камтыйт, анын ичине булганыч, парктардын сапаты, кылмыш деңгээли, саламаттыкты сактоо, эмгек акы, жумушка чейинки жолго кеткен убакыт кирет, деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

“Даниянын башкалаасы башка ири шаарлардан айырмаланып, азырынча түрдүү түнкү жашоо-турмушту же өнүккөн оюн-зоок инфраструктурасын сунуштай албайт. Бирок жаш адистер алардын дене тарбиясына, саламаттыгына жана жыргалчылыгына бул шаар олуттуу таасир бере тургандыгын белгилешти”, -деп маалымдалган билдирүүдө.

Дүйнөдөгү комфорт шаарлардын рейтинги боюнча экинчи жана үчүнчү орундарды Стокгольм менен Мельбурн ээлешти.

Компания ошондой эле оюн-зоок инфраструктурасынын сапаты боюнча шаарлардын рейтингин аныктады, анда биринчиликти Лондон ээледи. Экинчи жана үчүнчү орундар Нью-Йорк менен Токиого тийди.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий