• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кордайда Кыргызстан менен Казакстандын премьерлери жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин Казакстан Республикасына жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Белгилесек, жолугушуу Кордайда (Казакстан Республикасы) өттү.

Пикир

Оставить комментарий