• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кордайдагы кырсыкта жабыркаган өзбекстандыктарга жардам берүү үчүн комиссия түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандагы автобус кырсыгында жабыркаган өзбекстандыктарга жардам берүү жана кырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздү.

Анын курамына өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү кирди.

«Өкмөттүк комиссияга казак тарап менен макулдашып, каза болгон жана жаракат алган жарандарды мекенине алып келүү жана алардын туугандарына жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди», — деп жазылган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Такталган маалыматтарга ылайык, Казакстандын Жамбыл облусунда болгон кырсыктан Өзбекстандын үч жараны каза болуп, дагы 13ү түрдүү жаракаттары менен жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда алардын үчөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланууда.

20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Алматы-Ташкент автожолунун Кордай районундагы бөлүгүндө «Toyota Camry» машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Кырсыктан 11 кишинин өмүрү кыйылып, 29 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий