• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Корея айыл чарба, транспорт жана энергетикалык долбоорлорду алдыга жылдырууну колдоого даяр

Экономика 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кечээ, 2-мартта КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэнин жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки тараптуу мамилелердин келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Министр Амангелдиев белгилегендей, Корея мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 30 жыл аралыгында Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттиги жана биргелешкен долбоорлор аркылуу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу колдоо көрсөтүп келет.

Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап министрлик тарабынан сунуштала турган жаңы долбоорлорду, анын ичинде айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагында алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар 2021-жылдан бери Кыргызстан Кореянын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн тизмесине киргендигин эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий