• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Корея, АКШ жана Европанын алдыңкы компаниялары Бишкектеги “Азия жүрөгү 2018” инвестфорумуна катышат

Экономика 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Корея, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары Бишкекте 15нен 17-сентябрга чейин өтө турган инвестициялык форумга катышат.

Эл аралык аянтча Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү үчүн потенциалдуу инвесторлор менен диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана алдыдагы кызматташтык үчүн өбөлгө түзөт.

Инвестициялык форум Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүүдө жана учурда анын программасы боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Биз бул форум жыл сайын же эки жылда бир өткөрүлүп турат деп пландап жатабыз. Россиянын, Чехиянын, Кореянын ири компаниялары катыша тургандыктарын тастыкташты. Андан сырткары биз мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн жана жергиликтүү ишкерлерди чакырабыз”, - деди Аксакалдар кеңешинин аткаруу комитетинин мүчөсү Марат Усманов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Ал форумду өткөрүүдөгү башкы максат Кыргызстандын реалдуу экономика секторлоруна түз инвестицияларды тартуу экендигин белгиледи.

“Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү катары биздин милдетибиз Кыргызстандын легитимдүү жетекчилигине республиканын экономикасынын маанилүү жана перспективдүү тармактарын каржылоого, калктын жыргалчылыгынын деңгээлин жогорулатууга, өлкөнүн стабилдүүлүгүн бекемдөөгө, анын каржылык эгемендүүлүгүн жана экспорттук-импорттук потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү”, - деди Усманов.

Форумга катышарын тастыктаган чет элдик компаниялар курулуш, транспорт, санариптик, IT жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар тармагында, ири өнөр жайлардын бүтүндөй катарында, фармацефтикада, процесстерди автоматташтырууда жана башкарууда адистештирилет.

Форумдун жүрүшүндө инвесторлор КРнын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышып, максаттары тууралуу келишимдерди жана макулдашууларды бекитүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Форумдун ишинин жүрүшүндө долбоорлор боюнча компаниялардын конфедерациялары, жумушчу топтору түзүлүп, ар бир долбоорду КРнын мыйзамдарына ылайык КРдагы чех технологияларын камсыздоо үчүн европалык банктар тарабынан коштоо камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий