• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Корея элчилиги Бишкек мэриясына коргонуучу каражат жана 2 кычкылтек концентраторун берди

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк менен жолукту.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, элчи шаардыктарга 500 даана KF94 беткабын, 20 даана коргонуу костюмун, 20 даана пластикалык коргонуу беткабын жана 2 кычкылтек концентраторун жардам катары берди.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Корея Республикасынын элчисине пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. «Сиздер көрсөткөн гуманитардык колдоо адам өмүрүн сактоого жардам берет деп ишенем», - деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда COVID-19 менен күрөшүү максатында Куми боордош шаарынан (Түштүк Корея, Кёнсан-Пукто провинциясы) 20 миң AirQueen KF80 беткабы, 10 миң стоматологиялык беткабы жардам катары берилген.

«Бишкек шаарынын мэриясы Кореянын Кыргызстандагы элчилигине пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет», - деп айытлат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий