• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Корея элчилиги Төмөнкү-Серафимовкадагы социалдык стационардык мекемеге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кореянын Кыргызстандагы элчилиги КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн Төмөнкү-Серафимовкадагы социалдык стационардык мекемеге гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Те Йокко көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылык айтып, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Берилген жардамдардын тизмеси:

1. Матрацтар - 60 даана.

2. Жууркандар - 60 даана.

3. Тиричилик муздаткычы - 1 даана.

4. Түстүү принтер - 1 даана.

5. Линолеум - 50 чарчы метр

6. Аристон (суу жылыткычтар, 30л.) - 3 даана.

7. Электрпрефератор - 1 даана.

8. Электрондук болгарка – 1 даана.

9. Электрондук дрель - 1 даана.

10. Бензопила – 1 даана.

11. Монтаждык зым 2-изоляция - 1 катушка

12. Чөп чапкыч – 1 даана.

13. 2-изоляциянын зымы - 2б.

14. Бензокос - 2 даана

15. Колдонулган компьютерлер - 6 даана.

16. Белек пакеттери (сүлгү + маска) - 315 даана.

Пикир

Оставить комментарий