• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Корея лидери Садыр Жапаровду президенттик кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасы 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн бери достук мамилелерди өнүктүрүп келишүүдө. Анын ичинде 2019-жылдын июль айындагы Түштүк Корея Премьер-министри Ли Нак Ёндун расмий иш сапары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болду.

Өткөн жылдагы COVID-19га байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалга карабастан, Түштүк Корея менен Кыргызстан пандемия менен күрөшүүгө биргелешип күч-аракет жумшашкандыгын жогору баалайм. Мындан ары дагы тыгыз кызматташабыз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чексиз өнүгүүсүн каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий