• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Корея университетин Кыргызстан үчүн билим берүү программаларын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту.

Кемелова өлкөбүздү санариптештирүү, ошондой эле адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик курсту белгилеп, Кыргызстан үчүн билим берүү программаларын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Маалымат технологиялар" багытында окууну каалаган кыргыз жарандарына Сонгюнгван университетинде магистрдик стипендиялык программаларды берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маектешүүчүлөр жогорку окуу жайлар аралык кызматташуу боюнча макулдашууларды түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө корея тарабы кыргыз мектептеринде иштеп жаткан мугалимдерин, ошондой эле Жогорку окуу жайлардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө окуп жаткан студенттерин окутуу жана билим менен алмашуу максатында Сонгюнгван университетинин профессордук жана студенттик курамындагы тобун Кыргызстанга жиберүү планы жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий